• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Былтыр Кыргызстанда 15 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлгөн

Коом 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Былтыр Кыргызстанда 15 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, 2018-жылга караганда 3,9%га аз болгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Ошол эле учурда 2019-жылы 15 млрд 115 млн кВт/саат электр энергиясы керектелип, мурдагы жылга караганда 0,8%га көп болгон.

Былтыр Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиянын 92%ын гидроэлектростанциялар иштеп чыккан.

2019-жылы электр энергиясынын жоготуулары 2 млрд 337,6 млн кВт/саатты түзгөн. Анын ичинде 2 млрд 317,2 млн кВт/сааты технологиялык жоготуулар болгон.

Ошондой эле Кыргызстан өткөн жылы 269,4 млн кВт/саат электр энергиясын экспорттоп, сырттан кайра 269,2 млн кВт/саат электр энергиясын алган.

Пикир

Оставить комментарий