• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Былтыр Кыргызстанда 50 миңге жакын түгөй үй-бүлө курган

Коом 0

Бишкек, 16.05.19. /Кабар/. Былтыр Кыргызстанда 50 миңге жакын түгөй үй-бүлө курган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Үй-бүлө курган эркектердин орточо жаш курагы 27,2 жаш болсо, кыз кишилердики 23,6 жашты түзгөн.

Бирок ошол эле учурда Кыргызстанда ажырашкандар аз эмес. Маселен, үй-бүлө кургандардын дээрлик ар бир бешинчиси ажырашат. 2018-жылы айыл жерлеринде үй-бүлө кургандардын 1 миңине дээрлик 140 ажырашуу туура келген. Ал эми шаар жерлеринде ал 2,5 эсеге көп.

Пикир

Оставить комментарий