• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Былтыр Кыргызстанда коммуналдык чарба кызматтары 1 млн тоннадан ашык таштанды чыгарышкан

Коом 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. Былтыр Кыргызстанда коммуналдык чарба кызматтары 1 млн тоннадан ашык таштанды чыгарып, ал 2018-жылга караганда 9,5%га көп болгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Коммуналдык кызматтар тарабынан чыгарылган таштандынын 46%ы үйдөн чыгарылган, 15,3%ы көчөдөгү (уруксат берилбеген жер жана сейил бактардагы таштандыны кошкондо) жана 19,8%ы ишкана-мекемелердин таштандылары болгон. Чыгарылган таштандынын көпчүлүк бөлүгү Бишкек (34,2%) жана Ош (30,5%) шаарларына туура келген.

Негизинен өлкө жарандары таштандыны атайын челекке ыргытып, бир жерге үйүп, өрттөп же көмүп жок кылышат.

Пикир

Оставить комментарий