• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Былтыр Кыргызстанда пневмония менен 41 миң адам ооруду – Статком

Ден соолук 0

Бишкек, 12.02.21. /Кабар/. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин оперативдүү маалыматтары боюнча, 2020-жылы пневмония ооруларынын 41 миң учуру, ал эми 2019-жылдын тийиштүү мезгилинде 29 миң учур катталган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 2019-жылга салыштырганда Ысык-Көл облусунда – 2,5 эсеге, Бишкек шаарында – 1,4 эсеге, ошондой эле Чүй облусунда – 1,7 эсеге пневмония оорусунун кыйла көбөйгөнү белгиленди.

2020-жылы коронавирус инфекциясына байланыштуу медициналык-санитардык мекемелерге кайрылган 32 миңге жакын адам катталган. Кайрылгандардын жалпы санынын ичинен эң чоң үлүшү Бишкек шаарына – 30 пайызы, Ош облусуна – 20 пайызы, Чүй облусуна – 15 пайыз жана Жалал-Абад облусуна – 12 пайызы туура келди. Өткөн жылдын 12 айында стационарларга 54 миңге жакын оорулуулар келип түшкөн, алардын эң көп үлүшү Ош облусуна - 15 пайызы, Жалал-Абад облусуна – 14 пайызы, Ысык-Көл облусуна жана Чүй облусуна – 11 пайызы туура келди.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтары боюнча, 2019-жылы пневмониядан 626 адам каза болгон, ал эми 2020-жылы алардын саны 1 407 адамга жетти. 2019-жылы пневмониядан каза болгондор калктын 100 миңине алганда 10 адамды түзгөн, ал эми 2020-жылы 21 адамды түздү. 2020-жылы коронавирустук инфекциядан (COVID-19) 2 448 адам же калктын 100 миңине алганда 37 адамды түздү.

Пневмониядан болгон каза болуунун орточо республикалык көрсөткүчтөн көбүрөөк жогору болгону Чүй жана Нарын облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында белгиленди. Ал эми коронавирус инфекциясынан (COVID-19) болгон өлүмдөр Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Талас облусунда белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий