• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Былтыр кыргызстандык спортчулар эл аралык мелдештерде 109 медаль уткан

Спорт 0

Бишкек, 15.01.21. /Кабар/. Былтыр кыргызстандык спортчулар эл аралык мелдештерде 109 медаль уткан. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

2020-жылда өлкө аймагында 20 эл аралык жана республикалык спорттук-массалык иш-чара, 98 окуу-машыгуу жыйын өткөрүлдү. Ата мекендик спортчулар 61 эл аралык мелдешке жөнөтүлүп, 109 медаль утуп алышкан: 27 алтын, 31 күмүш жана 51 коло.

Маанилүү эл аралык спорттук мелдештер:

-2020-жылдын 29-февралынан 13-мартына чейин Амман шаарында (Иордания) бокс боюнча Азия чемпионаты өттү;

- 2020-жылдын 16-24-февраль күндөрү Нью-Дели шаарында (Индия) күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионаты өттү. Ата мекендик спортчулар грек-рим күрөшү боюнча 5 медаль утуп алышкан (2 күмүш, 3 коло), эркин күрөш боюнча 4 медаль утуп алышкан (2 алтын, 2 коло), кыз-келиндер арасында күрөш боюнча 2 медаль утуп алышкан (1 күмүш, 1 коло);

- 2020-жылдын 12-18-декабрь күндөрү Белград шаарында (Сербия) күрөштүн түрлөрү боюнча Дүйнө кубогу өттү, ата мекендик спортчулар грек-рим күрөшү боюнча 3 медаль (1 алтын, 2 коло), эркин күрөш боюнча 2 коло, аялдар күрөшү боюнча 3 медаль (2 алтын, 1 бронза) утуп алышкан.

- 2020-жылдын 3-9-ноябрь күндөрү Нови Сад шаарында (Сербия) самбо боюнча Дүйнө чемпионаты өттү, спортчулар самбо боюнча 2 медаль утуп алышкан (1 күмүш, 1 коло), күжүрмөн самбо боюнча 4 медаль утуп алышкан (1 күмүш, 3 коло);

- 2020-жылдын 11-13-декабрь күндөрү Казань шаарында (Россия Федерациясы) белбоо күрөшү боюнча Дүйнө чемпионаты болуп өттү. Ата мекендик спортчулар 17 медаль утуп алышкан (2 күмүш, 15 коло);

-2020-жылдын 17-20-декабрь күндөрү Москва шаарында (Россия Федерациясы) самбо боюнча Дүйнө кубогу (А.Харлампиев мемориялы) болуп өттү. Кыргызстандык спортчулар самбо боюнча 12 медаль (5 коло), күжүрмөн самбо боюнча 7 медаль утуп алышкан (3 күмүш, 4 коло).

Мындан тышкары, 2020-жылы республиканын аймактарында 159 спорттук-массалык иш-чара өткөрүлүп, аларга 14 миң 895 адам катышты:

• Чуй облусунда – 8 спорттук-массалык иш-чара, катышуучулардын саны – 1050;
• Баткен облусунда – 20 спорттук-массалык иш-чара, катышуучулардын саны – 4105;
• Жалал-Абад облусунда – 6 спорттук-массалык иш-чара, катышуучулардын саны – 692;
• Ош облусунда – 2 спорттук-массалык иш-чара, катышуучулардын саны – 142;
• Ысык-Көл облусунда – 80 спорттук-массалык иш-чара, катышуучулардын саны – 6093;
• Талас облусунда – 35 спорттук-массалык иш-чара, катышуучулардын саны – 2140;
• Нарын облусунда – 8 спорттук-массалык иш-чара, катышуучулардын саны – 673.

Пикир

Оставить комментарий