• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Былтыр Мамэкотехинспекция тарабынан 11,3 миң текшерүү жүргүзүлгөн

Коом 0

Бишкек, 18.06.20. /Кабар/. Былтыр Мамэкотехинспекция тарабынан 11,3 миң текшерүү жүргүзүлгөн. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Медетбек Маметов билдирди.

Анын айтымында, Мамэкотехинспекциясы 12 багытта иш алып барат: экологиялык коопсуздук, тоо кен көзөмөлү жана жер казынасын коргоо, суу ресурстарын жана объекттерин көзөмөлдөө, жердин пайдаланылышын жана корголушун көзөмөлдөө, ядролук жана радиациялык коопсуздук, эмгекти коргоо жана эмгек мамилелери, өнөр жай коопсуздугу, архитектура жана курулуш көзөмөлү, энерегетикалык көзөмөл, өрт көзөмөлү, транспорттук коопсуздук чөйрөсүндөгү көзөмөл жана метрологиялык көзөмөл.

“Мамэкотехинспекциянын максаты адамдардын өмүрүнүн жана ден соолугунун, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн, айлана-чөйрөнүн коопсуздугунун нормаларын жана талаптарын камсыз кылууга мамлекеттик көзөмөлдү ишке ашыруу жана терс кесепеттердин алдын алуу болуп саналат. 2019-жылы жогоруда көрсөтүлгөн тармактар боюнча жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жалпы саны 11 миң 301ди түзгөн. 43 миң 493 эреже бузуулар аныкталган. Жыйынтыгында 5 миң 645 эскертме берилген. 3 мин 142 протокол түзүлүп, административдик жоопкерчиликке тартуу боюнча 3 миң 119 токтом чыгарылган. 2019-жылдагы иштин жыйынтыгы менен мамлекеттик казынага 157 млн 842 миң сом түшкөн. Ал эми быйылкы жылдын башынан бери бүгүнкү күнгө чейин аткарылган жумуштар жана текшерүүлөдүн жалпы саны 2 миң 213тү түздү. Алардын ичинен пландуу текшерүү 807 болсо, пландан тышкаркысы − 726 жана 680 контролдук текшерүү болду. 11 миң 875 эреже бузуулар аныкталган. Жыйынтыгында 1 миң 164 эскертме берилип, 806 протокол түзүлгөн жана административдик жоопкерчиликке тартуу боюнча 514 токтом чыгарылган”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий