• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Былтыр мамлекеттик бюджеттен бала бакчаларды кармоого 5,8 млрд сом сарпталган

Коом 0

Бишкек, 25.09.20. /Кабар/. Былтыр мамлекеттик бюджеттен мектепке чейинки билим берүү мекемелерин кармоого 5,8 млрд сом сарпталып, билим берүү тармагына жумшалган чыгашалардын 15%ын түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Статистика комитетинен билдиришкендей, акыркы беш жылда билим берүүгө тармагына бөлүнгөн каражат мамлекеттик бюджеттин чыгашаларынын орточо 22-24%ын түзгөн.

Бала бакчаларды кармоого бөлүнгөн каражаттардын 61%га жакыны мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысына жана 24%дан ашыгы тамак-ашка жумшалган.

"Мектепке чейинки уюмдардын курулушу активдешти. 2019-жылы республикада 3 миң орундуу мектепке чейинки 50 мекеме ишке киргизилди. Бул 2015-жылга салыштырмалуу 1,8 эсеге көп. Мындай объектилердин ишке киргизилиши Бишкек шаарынан башка бардык аймактарда белгиленди", - деп билдирет Статистика комитети.

Пикир

Оставить комментарий