• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Былтыр Ноокат районунда 12 жаңы ишкана ачылып, 33 млн сом инвестиция тартылган

Аймак 0

Бишкек, 23.01.20 /Кабар/. Кечээ, 22-январь күнү Ноокат акимчилигинин имаратында коллегиялык кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Кеңешмеге өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Ноокат районунун акими, жергиликтүү жетекчилер, акимчиликтин кызматкерлери катышкан.

Кеңешмеде айтылгандай, 2019-жылы Ноокат районунда 12 жаңы ишкана ачылып, 33 млн сом инвестиция тартылган. Ошондой эле райондук ооруканага 2 тез жардам унаасы белекке келген.

Пикир

Оставить комментарий