• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Былтыр Ош облусунда дээрлик 42 млрд сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлгөн

Аймак 0

Бишкек, 08.02.20. /Кабар/. Былтыр Ош облусунда 41 млрд 735 млн 900 миң сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлгөн. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн 2019-жылдын жыйынтыгын караган кеңешмесинде айтылды.

Кеңешмеде белгиленгендей, 2019-жылы облус чет өлкөгө 35 миң 275 миң тонна айыл чарба азыгын экспорттогон. Мисалы, Кытайга гилас, Япония менен Россияга бал, Иранга сарымсак, Казакстан менен Россияга Өзгөн күрүчү сатылган.

Ошондой эле облуста жашылча-жемиштерди сактоо үчүн 21 кампа ачылган.

Пикир

Оставить комментарий