• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Былтыр РСК Банк 8,4 млрд сомго 10 миңден ашык насыя берген

Экономика 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Былтыр "РСК Банк" ААКсы 8,4 млрд сомго 10 миң 335 насыя берген. Бул тууралуу аталган банктын башкармалыгынын төрагасы Азизбек Оморкулов билдирди.

"2019-жылы бизнесин колдоо үчүн 10 миң 300 кардарга 8,4 млрд сомго насыя берилди. Аймактарда каржылоо мурдагы жылга караганда 20%га көбөйдү", - деди ал.

Ал белгилегендей, негизинен каражаттар айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө берилген.

Өткөн жылы банк өзүнүн "Келишим", "Өнүгүү" жана "Аймак" насыя продукттарын иштеп чыккан.

"Келишим" долбоорунун алкагында 357,7 млн сомго 655 долбоор, "Өнүгүү" боюнча 487,9 млн сомго 654 насыя жана "Аймак" боюнча 776,7 млн сомго 2 миң 187 насыя жактырылган.

Пикир

Оставить комментарий