• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Былтыр өрт кырсыгы 43 адамдын өмүрүн алган – ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 19.01.21. /Кабар/. Былтыр өрт кырсыгы 43 адамдын өмүрүн алган. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Акматов брифингде билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдын 12 айында республиканын аймагында 2 миң 778 өрт кырсыгы катталган.

"Анын кесепетинен 578 млн 450 миң 837 сом материалдык чыгым келтирилген. Өрттүн кесепетинен 43 адамдын, анын ичинен 5 жаш баланын өмүрү кыйылган. Тилсиз жоодон 31 адам жабыркаган, анын ичинде төртөө жаш бала. Ошондой эле 107 адамдын өмүрү сакталып калган", - дейт ал.

Акматов өрттөрдүн негизги себептерин атады:

- Электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 38,6%;
- Отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 21,3 %;
- Мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 11,2%;
- Балдардын от менен ойноодо – 8,1% өрт кырсыгы болду.

Пикир

Оставить комментарий