• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Былтыр Спорт боюнча мамагенттик алдыңкы спортчуларга 24,9 млн сомго стипендия төлөгөн

Спорт 0

Бишкек, 06.02.21. /Кабар/. 2020-жылы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги спорттун түрлөрү боюнча алдыңкы спортчуларга жалпы эсеп менен 24 млн 995 миң сомго стипендия төлөп берди.

Аталган агенттиктен билдиришкендей, анын ичинде спорттун олимпиадалык жана паралимпиадалык түрлөрү боюнча спортчуларга жалпы эсеп менен 24 млн 440 сом төлөндү.

"Ай сайын орто эсеп менен спорттун олимпиадалык жана паралимпиадалык түрлөрү боюнча 73 спортчу стипендия алып турду. Стипендия алган спортчулардын саны 103гө жетип, стипендиянын суммасы 2 млн 765 миң сомго барабар болду. Декабрь айында спорттун олимпиадлык жана паралимпиадалык түрлөрү боюнча 29 спортчу жалпы эсеп менен 1 млн 35 миң сомду стипендия түрүндө алган", - деп айтылат маалыматта.

75 миң сом өлчөмүндөгү I категориядагы стипендияны Токио шаарында өтө турчу XXXII Олимпиада оюндарына жолдомосу бар спортчулар алышкан: жөө күлүктөр Дарья Маслова, Юлия Андреева, грек-рим боюнча балбан Атабек Азисбеков, суучул Денис Петрашов жана кыз-келиндер күрөшү боюнча азыркы Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова.

50 миң сом өлчөмүндөгү III категориядагы стипендия январь айынан декабрь айына чейин эркин күрөш боюнча балбан Улукбек Жолдошбековго, январь айынан май айына чейин грек-рим стилиндеги балбан Узур Жузупбековго эркин күрөш боюнча балбан Арсалан Будажаповго март айынан декабрга чейин төлөнүп берилди.

Ошондой эле пара пауэрлифтинг боюнча 3 спортчуга түрдүү категорияда стипендия төлөнүп жатты:

• Адилет Камчыбеков, 40 миң сом өлчөмүндөгү IV категориядагы стипендия, январдан октябрга чейин;
• Азизбек Замирбек уулу, 30 миң сом өлчөмүндөгү V категориядагы стипендия, январдан августка чейин;
• Максат Аргымбаев, 10 миң сом өлчөмүндөгү VII категориядагы стипендия, январдан октябрга чейин.

Мындан тышкары, 2020-жылы спорттун улуттук түрлөрү боюнча алдыңкы спортчулардын стипендиясына жалпы эсеп менен 555 миң сом бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, өмүр бою төлөнүүчү стипендияны 1980-жылы өткөн Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону жана Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев (30 миң сом), XXVIII олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Канатбек Бегалиев (25 миң сом) жана XXVIII олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Руслан Тюменбаев (20 миң сом) алышат.

Пикир

Оставить комментарий