• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Былтыр Өзбекстанда 500гө жакын коомдук ажаткана курулган

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. Былтыр Өзбекстанда 462 коомдук ажаткана курулган. Бул тууралуу өлкөнүн Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, былтыр туристтерге кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында санитардык-гигиеналык объектилерди курууну каалагандарга салык жеңилдиктери берилген.

Комитет бул жеңилдиктер тууралуу былтыр сентябрда ишкерлерге СМС-билдирүү жөнөтүү аркылуу кабарлаган. Мекеменин бул аракетин өзбек блогерлери менен социалдык түйүн колдонуучулары сынга алышып, түрдүү шакабалар да пайда болгон.

Расмий маалыматтар боюнча, былтыр Өзбекстанга 5 миллион турист барган. Бул 2017-жылга салыштырганда эки эсеге көп.

Пикир

Оставить комментарий