• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Быйыл былтыркыдай сугат суу көйгөйү болбойт — Айыл чарба министрлиги

Коом 0

Бишкек, 13.06.22./Кабар/. Быйыл былтыркыдай сугат суу көйгөйү болбойт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылы жаан-чачынга жана сугат суусунун берилишине байланыштуу түшүмдү жоготуу болбойт.

“Өткөн жылдагыдай сугат суу маселеси болбойт. Биринчиден, биз сугат тармагын быйылкы жылдын вегетациялык мезгилине даярдоо боюнча олуттуу иштерди жүргүздүк. Республикалык бюджеттен 6 эсе көп каражат бөлүнүп, суу адистери сугат тармагын даярдоого 630 млн сом жумшады. Бул даярдыктар жана болуп жаткан жаан-чачын түшүмдүн мол бошуна шарт түзөт деп ойлойм”, - деди ал.

Министр кошумчалагандай, сугат суусун бир эле учурда бардык каналдар аркылуу жеткирүү мүмкүн эмес, бирок тартипти сактоо менен маселени чечсе болот.

Пикир

Оставить комментарий