• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

C.Жээнбеков БАЭ ТИМ башчысы менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 24-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-майда, Бириккен Араб Эмиратынын эл аралык кызматташуу жана тышкы иштер министри Шейх Абдалла бин Зайед Аль-Нахайян менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү тууралуу сүйлөштү.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан БАЭ менен инвестиция тартуу жана соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Өкмөт башчы өлкөлөр ортосундагы саясий диалог бардык деңгээлде турукташып, тиешелүү шарттар түзүлүп, саясий чөйрөнү жөнгө салуу, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багытта базалык макулдашууларга кол коюлганын баса белгиледи.

«Эмки кезекте биздин өлкөлөр ортосунда инвестициялык жана соода-экономикалык тармакта кызматташууну сунуштайм. Бул үчүн Кыргыз Республикасына Бириккен Араб Эмиратынан инвестиция тартуу менен орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу керек», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Мындан сырткары Өкмөт башчы экономикалык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында Кыргызстан менен БАЭ ортосунда биргелешкен инвестициялык фонд түзүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Дубай шаарында өтө турган ЭКСПО-2020 ишине Кыргыз Республикасынын катыша турганын билдирип, БАЭ эл аралык кызматташуу жана тышкы иштер министрлигине расмий тастыктоо катын берди.

БАЭ эл аралык кызматташуу жана тышкы иштер министри Шейх Абдалла бин Зайед Аль-Нахайян, Эмират Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташууну бекемдөөгө даяр экенин белгиледи.

Ал бүгүнкү күндө БАЭ нефть-газ секторунан сырткары экономиканын башка тармактарына, анын ичинен туризмге өзгөчө көңүл буруп жатканын кошумчалады.

«2016-жылы Бириккен Араб Эмиратына 20 миллиондой турист келген. Өлкө экономикасында туризмден түшкөн киреше бөлүгү 9% ээлейт. Мындан сырткары биз дүйнөдөгү алдыңкы АКШ, Улуубритания, Индия, Кытай жана башка экономикалык өлкөлөр менен ири көлөмдө соода тармагында кызматташтыгыбыз бар», – деди Шейх Абдалла бин Зайед Аль-Нахайяна. Ал белгилегендей, делегациянын курамында бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү Кыргызстандын бизнести өнүктүрүүдөгү шарттарын кароо жана өлкөнүн инвестициялык жөндөмдүүлүгүнө баа берүү үчүн келген.

БАЭ эл аралык кызматташуу жана тышкы иштер министри Шейх Абдалла бин Зайед Аль-Нахайян Премьер-министр Сооронбай Жээнбековду БАЭ расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий