• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

C.Жээнбеков КСДПнын съездинде: Ишеним көрсөткөнүңүздөргө ыраазымын!

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15-июль /Кабар/. Бишкекте КСДПнын XVI съездинде партиянын атынан Президенттике талапкер катары Өкмөт башчы Сооронбай Жээенбеков бир добуштан сунушталып, бекитилди. Өз сөзүндө С. Жээнбеков партиянын ишеним көрсөткөндүгүнө ыраазы экендигин билдирди. Төмөндө С.Жээнбековдун сүйлөгөн сөзү тоугу менен келтирилди:

Урматтуу мекендештерим!

Урматтуу СДПК партиясынын мүчөлөрү!

Үзөңгүлөштөрүм! Ардактуу меймандар!

Кыргызстаныбыз эгемендүүлүккө ээ болуп, көз карандысыз мамлекет болгонуна быйыл 26 жыл толот. Бул мезгил аралыгында мамлекетибиз, элибиз жакшылыктар менен катар бир топ сыноолорду, кыйынчылыктарды баштан өткөрдү. Бүгүнкү күндө Кыргызстаныбыз мамлекет катары бутуна туруп, ишенимдүү өнүгүү жолуна түштү.

Биздин партиябыз өз өлкөбүз менен, элибиз менен бирге тарыхтын татаал жолунда Кыргызстандын жаркын келечеги, эркиндиги үчүн, коррупцияга белден баткан үй-бүлөлүк режимге каршы, мамлекетти коргоп, күрөшүп келди. Бул жылдар аралыгында биз өз элибиз менен чогуу болдук.

Ар бир саясий партиянын максаты – өз эмгеги аркылуу элдин калың катмарынын колдоосуна ээ болуу. Азыркы учурда элдин партиябызга болгон ишеними, зор үмүтү – ар бириңердин, катардагы ар бир мүчөнүн жана партияны негиздеген, түптөгөн лидери – урматтуу Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин тарыхый тагдыры, мээнети.

Биздин партиябыздын тагдыры эгемендүү Кыргызстандын тарыхы менен тыгыз байланышкан. Мына ушундай партиянын атынан эң жогорку мамлекеттик кызматка – Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер катары көрсөтүлүү – ар бир кыргыз жараны жана мен үчүн – чоң сыймык болот.

Учурдан пайдаланып, эң жогорку ишеним артып, талапкерлигимди көрсөтүп жаткан партиялаштарыма терең ыраазычылыгымды билдирем!

6-7 жыл мурда мамлекетибиз кандай эле? Ал татаал мезгилдер эсимде. Саясий оюндар күчөп, саясатчылардын жеке кызыкчылыктары үчүн жолдор буулуп, күнүгө жок дегенде 2-3 митинг болуп турар эле. Элдин маанайы сууп, чыр-чатактан чарчап турган кез эле. Ошол учурда “Кыргыз мамлекетинин келечеги барбы, кыргыз эли мамлекеттүүлүгүн сактай алабы?” деп, жанды кейиткен ачуу пикирлер ачык эле айтылып калган.

Кыргызстанды ошондой оор кырдалдан алып чыгыш үчүн Алмазбек Шаршенович кандай эмгек кылганын, канча күч, канча эрк жумшаганын башкалар билбесе да, урматтуу партиялаштар, биз жакшы билебиз.

Пикир

Оставить комментарий