• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

CA-NEWS: Кытайдын эң бай адамынын байлыгы бир түндө 2,8 млрд АКШ долларына өскөн

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

CA-NEWS (CA) – Кытайда интернет гигантка айланган “Alibaba Group Holding” компаниясынын акциясы бир түндө 13% пайызга көтөрүлгөн. Мындан улам, компаниянын капиталы 42 млрд долларга өсүп, ал эми анын негиздөөчүсү, Азиядагы эң бай адам Жек Манын байлыгы 2,8 млрд долларды түзгөн. Бул тууралуу “Bloomberg” билдирүү тараткан.

Эскерте кетсек, “Alibaba Group” компаниясынын негиздөөчүсү Жек Ма, “Wanda Group” корпорациясынын жетекчиси Ван Цзяньлиняндан ашып, “Forbes” журналынын версиясы боюнча Кытайдагы эң бай адам деп табылган. Басылма анын байлыгын 34 млрд доллар деп баалаган.

“Bloomberg” маалыматы боюнча учурда анын байлыгы 41,8 млрд АКШ долларын түзүп, ал дүйнөдөгү бай адамдардын арасынан 14-орунду ээлейт.

Жек Манын каржы абалы кытайдагы ири “Alibaba” онлайн-ретейлеринин акциясы 45 тен 49% га чейин өскөнүнөн улам жакшырган. Ма ээлик кылган “Alibaba” акциясы 13% пайызга дейре көтөрүлгөн.

“Alibaba” Кытайдагы эң көлөмдүү электрондук соода иши менен алектенген платформаларга ээлик кылат. Алардын арасында “Taobao” эң таанымал болуп эсептелет. Компания бул платформада сатуучулар менен сатып алуучуларга ар тараптуу тейлөө кызматтарын көрсөтөт. “Alibaba” компаниясы Кытайдагы электрондук соода сатыктын 80% пайызын жүргүзөт.

Кененирээк: ca-news.org/news:1388248/?f=cp

Пикир

Оставить комментарий