• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

CA-NEWS: Түркмөнстан деңиз суусун тузсуздандыруучу эки завод курулат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

CA-NEWS (TM): Түркмөнстандын Балкан велаятында деңиз суусун тузсуздандыруучу эки заводдун курулушу пландалууда. Түркмөнстандын Айыл чарба жана суу чарбасы министрлиги курулуш объектилерин долбоорлоо жана курууга тендер жарыялагандыгын Түркмөнстан бүгүн агенттиги билдирди.

Алардын бири Эсенгулу этрапынын Экерем айылына жакын аймакта жайгашып, суткасына 50 миң куб метр сууну тазалайт. Экинчи завод Хазар шаарында суткасына 5 миң куб метр суу тазалоого ылайыкталып курулат.

Бүгүнкү күнү Түркмөнстанда деңиз суусун тузсуздандыруу боюнча бир нече завод иштейт.

Тендердик сунуштарды кабыл алуу 14-июлга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий