• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

CAFA-2020: Кыргызстандын футзал боюнча кыздар курамасы биринчи беттешинде жеңиштүү чыкты

Спорт 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. Кыргызстандын футзал боюнча кыздар курамасы (19 жашка чейин) CAFA-2020 чемпионатындагы биринчи беттешинде Афганистандын курамасын жеңип алды. Бул тууралуу КР Футбол федерациясынан билдиришти.

Оюн 3:0 эсебинде аяктаган. Оюнда голду Айтурган Аскарова, Кенже Ырысбек кызы жана Бактыгүл Токтоболотова киргизген.

Кыргызстандын улуттук курамасы футзал боюнча (19 жашка чейин) CAFA-2020 чемпионатына алгачкы ирет катышууда. Мелдеш Душанбе шаарында (Тажикстан) 24-29-январь күндөрү болуп өтөт. Жарыш 19 жашка чейинки кыздар арасында өтүүдө.

Мелдешке Кыргызстандан тышкары, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Иран, Афганистандын курамалары катышууда.

Эртең, 25-январь күнү Кыргызстандын спортчулары Өзбекстандын курамасы менен оюн өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий