• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

CAFA-2020: Кыргызстандын кыздар курамасы Түркмөнстандын командасына жеңилип калды

Спорт 0

Бишкек, 29.01.20. /Кабар/. Кыргызстандын футзал боюнча кыздар курамасы (19 жашка чейин) CAFA-2020 чемпионатындагы төртүнчү беттешинде Түркмөнстандын командасына жеңилип калды. Бул тууралуу КР Футбол федерациясынан билдиришти.

Беттеш 28-январда Тажикстандын Душанбе шаарында өттү.

Мелдештин төртүнчү турунда Кыргызстан Түркмөнстанга 1:2 эсебинде жеңилип калды.

Эскерте кетсек, CAFA-2020 чемпионатында улуттук курама алгачкы оюнунда Афганистанды 3:0 эсебинде утса, экинчи оюнда Өзбекстандын командасына 4:7 эсебинде жеңилип калган. Ал эми үчүнчү оюнунда Тажикстанды 2:0 эсебинде утуп алган.

Бүгүн, 29-январда Кыргызстандын курамасы Ирандын командасы менен оюн өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий