• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

CAFA U-17. Кыргызстандык футболчу кыздар коло байге утту

Спорт 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча 17 жашка чейинки кыздар курама командасы CAFA U-17 турниринде коло медаль утту.

Өзбекстан, Иран жана Тажикстандын курамалары менен болгон оюндан кийин Кыргызстандын командасы үч упай топтой алды. Алар Тажикстанды 4:0 эсебинде утуп, Иран (0:2) менен Өзбекстанга (0:3) утулуп калды.

Өзбекстандын курамасы мелдештин жеңүүчүсү аталса, Иран экинчи орунга илинди.

Турнир 12-16-мартта Тажикстандагы “Гиссар” стадионунда өттү.

Пикир

Оставить комментарий