• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Cанэпидкөзөмөл кызматынын бөлүмдөрүнө жана райондор аралык борборлорго санитардык унаалар тапшырылды

Ден соолук 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 20-майда Ислам Өнүктүрүү банкынын “COVID-19 долбоорунун алкагында даярдыктарды көрүүгө жана жооп кайтарууга ыкчам колдоо” долбоорунун алкагында сатылып алынган 8 пикап тибиндеги автоунааны мамлекеттик санэпидем көзөмөл кызматынын бөлүмдөрүнө жана райондор аралык борборлоруна тапшыруу аземи болуп өттү.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашкандай, иш-чара министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жана саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда өттү.

Саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, санитардык автооунаалар Ноокат, Ысык-Көл, Ала-Бука, Сокулук, Ысык-Ата, Жумгал жана Базар-Коргон райондорунун мамлекеттик санэпидем көзөмөл кызматынын бөлүмдөрүнө жана райондор аралык борборлоруна өткөрүлүп берилди.

“Ислам Өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында өлкө боюнча 10 модулдук вирусологиялык лаборатория куруу жана анализге алынган патогендик биоматериалдарды убагында ташып жеткирүүнү камсыздоо үчүн 15 автоунаа алуу пландаштырылган. Бүгүн өзүңүздөр күбө болгондой, анын 8 автоунаасын тапшырып жатабыз. Мурдараак, 2020-жылы декабрда 7 санитардык автоунаа тапшырылган. Бул унаалар COVID-19 лаборатордук диагностикасын оптимизациялоого өбөлгө түзүп, жакшыртууга чоң салым кошот. Лабораторияларды куруу маселелери азыр иштелип чыгууда. Ислам Өнүктүрүү банкы тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн терең ыраазычылык билдиребиз жана мындан ары да жемиштүү кызматташташабыз деп ишенебиз”, - деп белгиледи министр Алымкадыр Бейшеналиев.

Пикир

Оставить комментарий