• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Cанкт-Петербург шаарында мамлекет аралык издөөдө жүргөн КР жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.03.18 /Кабар/. Россиянын Санкт-Петербург шаарында мамлекет аралык издөөдө жүргөн КР жараны кармалган. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР ИИМдин Россия Федерациясынын ИИМдеги Өкүлчүлүгүнө өз өлкөсүндө жасаган кылмыш иши үчүн укук коргоо органдарынан изин жашырып жүргөн Кыргызстандын жараны Ленинград облусунун Санкт-Петербург шаарында жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде жогоруда көрсөтүлгөн жарандын өздүгү такталган: Жалал-Абад облусунун 1969-жылы туулган Д.Ш. аттуу жашоочусу.

КР ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы тарабынан жогоруда аталган жаранды текшерүү учурунда Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесине (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу) ылайык жасаган кылмыш иши үчүн мамлекет аралык издөөгө салынганы аныкталган.

Кылмыш иши 2008-жылы Базар-Коргон райондук соту тарабынан козголгон. Ал эми, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон РИИБи тарабынан издөөгө алынган.

Жакында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясынын Өкүлчүлүгү Россиянын ИИМдин Санкт-Петербург шаары жана Ленинград облусу боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте издөөдө жүргөн жаранды кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. 21-март күнү мамлекет аралык издөөдө жүргөн Д.Ш. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган. Азыркы учурда кармалган жаранды өз өлкөсүнө экстрадициялоо маселеси Минск конвенциясына ылайык чечилип жатат.

Жакында, Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын аймактарында жасаган кылмыш иштери үчүн тергөөдөн жана соттон издерин жашырып издөөдө жүргөн жарандардын жүргөн жерин аныктоо менен аларды кармоого жана дайынсыз жоголгондорду табууга багытталган мамлекет аралык ыкчам-алдын алуу иш-чарасы жүргүзүлгөн.

КР ИИМдин Россия Федерациясынын Өкүлчүлүгүнүн жана Россиянын ИИМдин аймактык бөлүмдөрүнүн бирдиктүү катышуусу менен адамдардын тобу менен жасалган бейбаштык, ири өлчөмдөгү зыян келтирген алдамчылык, кызматтык ыйгарымдарынан аша чабуу, аялды никеге турууга мажбурлоо же анын никеге турушуна тоскоолдук кылуу фактыларына шектелип издөөдө жүргөн жарандардын өздүгү жана жүргөн жери аныкталган.

КР ИИМи тарабынан Кыргызстандын аймагында жүргүзүлгөн операция учурунда оор кылмыштар жасаган, адам өмүрүнө кол салуу, ден соолукка атайылап оор залал келтирүү, каракчылык, зордуктоо жана тоноо фактылары боюнча издөөдө жүргөн 137 кылмышкер кармалган.

Алардын ичинен 64 кылмышкер эл аралык издөөдө жүргөндөр болсо, 61 дайынсыз жоголгон адамдардын кайда жүргөн жери аныкталса, 19 таанылбай калган өлүктөрдүн өздүгү такталган.

Пикир

Оставить комментарий