• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

CASA-1000 долбоору - ЭБЧ куруу боюнча дүйнөдөгү эң ири долбоорлордун бири

Экономика 0

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кыргызстан CASA-1000 долбоорунун курулуш иштери Баткен облусу боюнча башталгандыгы тууралуу жарыялаган. Бул долбоор Кыргызстан, Тажикстан, Пакистан жана Ооганстандын энергетикалык тутумдарын байланыштырат. Анын негизги максаты - Кыргызстан менен Тажикстандын электр энергиясын жай мезгилинде Пакистанга жана Афганистанга экспорттоо.

Долбоордун алкагында Кыргызстандын үч аймагы Баткен, Жалал-Абад жана Ош шаарлары аркылуу өткөн 455 чакырымдык 500 кВ электр берүү чубалгылары (ЭБЧ) тартылат. Долбоорду ишке ашыруучу агенттик - Кыргызстан улуттук электр тармагы ААК (КУЭТ) жана Кыргызстанда электр берүү чубалгыларын куруу менен түздөн-түз алектенген подрядчы - MİTAS компаниясы (Түркия).

“Түркиялык подрядчы эл аралык тендер аркылуу тандалып алынган. Аны менен бирге, CASA-1000 долбоорун жүзөгө ашыруу үчүн башка өлкөлөрдөн дагы 14 компания катышкан. Бирок, эң төмөн баа түрк компаниясы тарабынан сунушталган. Ал компания энергетикалык объекттерди куруу менен гана алектенбестен, кубаттуулугу жылына 200 миң тоннага жеткен Европадагы эң ири темир тордук тирөөчтөрдү өндүрүүчүлөрдүн бири болгондуктан жеңичүү болуп аныкталган”, - деп түшүндүрдү Кыргызстан улуттук электр тармагы.

Кыргызстан улуттук электр тармагы билдиргендей, өлкөдө CASA-1000 долбоорунун ишке ашырылышы эки лотко бөлүнөт. Биринчи лот - Баткен шаарынан Тажикстандын чек арасына чейинки участоктогу ЭБЧнын курулушу. Жалпысынан алганда бул аймактагы ЭБЧнын узундугу 126 чакырымды түзүп, 344 тирөөч орнотулат. Экинчи лот - Датка көмөк чордонунан Баткен облусундагы участокко чейинки ЭБЧнын курулушу. Бул чубалгынын болжолдуу узундугу 329 чакырымды жана 897 тирөөчтү түзөт. Жалпысынан, подрядчы эки келишимдин алкагында 1,2 миңден ашык тирөөчтү орнотуп, 455 чакырымдык аба чубалгыларын тартат.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2021-жылдын 3-апрелинде, Баткен облусунун Кара-Булак айылында, CASA-1000 долбоорунун алкагында курулуп жаткан жогорку чыңалуудагы электр берүү чубалгыларынын биринчи тирөөчүнүн пайдубалына капсула салган.

“CASA-1000 долбоору энергетиканы өнүктүрүү жаатындагы жаңы баракты ачат жана бүтүндөй Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө салым кошот. Долбоордун Кыргызстанга келтирген негизги пайдасы - экспорттук потенциал жогорулайт жана жаңы кубаттуулуктарды куруу үчүн кошумча инвестициялар тартылат”, - деп билдирди мамлекет башчысы.

Курулуш иштери Баткен облусунан башталды. Курулуштун ишке ашырылышын жана подрядчынын өзүнө алган милдеттенмелеринин аткарылышын “КУЭТ” ААКтын долбоорду ишке ашыруу тобу көзөмөлдөйт.

“Иштин жүрүшүн жана келишимдин аткарылышын графикке ылайык көзөмөлдөп турабыз. Мындан тышкары, МОНЕНКО (Иран) консалтинг компаниясынын тапшырыкчы инженери дайыма курулуш иштери жүрүп жаткан жерде болот. Ал бардык техникалык ченемдердин жана эрежелердин сакталышын көзөмөлдөйт. Аткарылган жумуштар боюнча отчётторду инженер бизге үзгүлтүксүз жөнөтүп турат. Башкача айтканда, курулуп жаткан объекттер тууралуу акыркы маалыматтар бизде болот”, - деп билдирди “КУЭТ” ААКтын долбоорлорду ишке ашыруу тобунун башчысы Рустанбек Раимкулов.

Анын айтымында, учурда облуста жумушчу лагерлер түзүлүп, ЭБЧ курууга керектүү бардык материалдар жана жабдуулар жеткирилүүдө. Аймакта 500 кВ АЧнын пайдубалын түптөө боюнча иштер жүрүп жатат.

“CASA-1000 - көп фазалуу долбоор болгондуктан, ал аяктаганга чейин компания ЭБЧнын бардык участокторунда параллелдүү иштейт. Жумуштар үч негизги этаптан турат. Биринчиси - пайдубалдарды куруу, экинчиси - тирөөчтөрдү орнотуу жана үчүнчүсү - зымдарды тартуу. Баткен облусунда пайдубал куруу боюнча жумуштар бүтөрү менен ошол эле жумуштарды жүргүзүү үчүн Ош жана Жалал-Абад облустарына көчүшөт. Ал эми Баткен облусунда тирөөчтөр орнотулуп, андан кийин зым тартуу боюнча жумуштар башталат”, - деп билдирди Рустанбек Раимкулов.

Тирөөчтөрдүн конструкциясы подрядчы компаниянын Түркиядагы заводунда даярдалып, Кыргызстанга жеткирилет. Зым жана арматура сыяктуу коштоочу материалдар базардагы мыкты өндүрүүчүлөрдөн сатылып алынат.

Ал кошумчалагандай, бүгүнкү күндө ЭБЧ курууга тартылган жумушчулардын 50%дан ашыгын жергиликтүү тургундар түзөт. Азыр негизги жумушчулар атайын техникалар жүрө турган убактылуу жолдорду курууга тартылууда.

“Биз ушул чөйрөдөгү рыноктун негизги компанияларынын бири катары дүйнө жүзү боюнча контракттарга катышып жүрөбүз. Биздин компания 1955-жылы негизделген, портфолиобузда CASA-1000 сыяктуу көптөгөн ийгиликтүү ишке ашырылган энергетикалык долбоорлор бар. Мисал катары, акыркы Иракта курган долбоорубузду айта алам. Анын баасы азыркы тендердин суммасына барабар”, - деп билдирди MİTAS компаниясынын Кыргызстандагы долбоорунун жетекчиси Мустафа Алкан.

Мустафа Алкандын айтымында, CASA-1000 долбоору өзүнүн уникалдуулугуна ээ. Төрт өлкөнү жана ошончо подрядчыны камтыган, долбоордун дагы бир чоң бөлүгү болуп саналган Кыргызстандагы инфраструктурасы аны башкалардан айырмалап турат. ЭБЧны толук кандуу пайдалануу үчүн аны башка өлкөлөрдө дагы бүткөрүү зарыл. Ошондо, CASA-1000 долбоору - ЭБЧ куруу боюнча дүйнөдөгү эң ири долбоорлордун бири болуп калат.

CASA-1000 долбоорунун айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоодо, ошол жер участокторуна тийгизген таасири эң маанилүү деп аталгандыгын да белгилейм.

“Жумуштар башталаардан мурун биз жердин түшүмдүүлүгүнө баалоо жүргүзөбүз, эгер түшүмдүүлүк тастыкталса жердин 30 сантиметрге чейинки катмарын алып салып, аларды атайын кавальерлерде сактайбыз. Жумуштар аяктагандан кийин жер ресурстары кайра өз ордуна кайтарылат”, - деп баса белгиледи подряддык уюмдун эколог-консультанты Назира Абдыласова.

Экологиялык эмгек (талдоо) келечектеги курулуштун негизин түзгөндүгүн белгилей кетүү зарыл. Подрядчы компания экологдордун бардык сунуштарын эске алып, аларды ишке ашыруу үчүн бир катар чараларды көрдү.

“Долбоор башталганга чейин айлана-чөйрөнү коргоо чаралары боюнча алкактык документ даярдалган. Ошондой эле, “Экопартнер” ЖЧКсы тарабынан айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо боюнча документ иштелип чыккан. Ал документ Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен жана CASA-1000 долбоорунун башкы донору болгон Дүйнөлүк банктан оң корутунду алган. Долбоордун мүмкүндүү терс кесепеттерин болтурбоо максатында документте алдын алуу боюнча бардык чаралар камтылган” - деп билдирди “КУЭТ ”ААКтын Долбоорлорду ишке ашыруу тобунун (ДИАТ) экологиялык консультанты Мээрим Керимбекова.

Анын айтымында, CASA-1000дин айлана-чөйрөгө тийгизген таасиринин дээрлик бардыгы убактылуу.

“Кесепеттерди минималдаштыруу боюнча долбоор көптөгөн аспектилерди, анын ичинде кесиптешим айткандай, жерлердин түшүмдүүлүгүн калыбына келтирүүнү (рекультивациялоо) камтыйт. Андан тышкары, электр берүү чубалгысы кызыл китепке кирген жоогазындын жана акантолимондун эки түрү өскөн аймак аркылуу өтөт. Ал аймакты сактап калуу үчүн подрядчы ЭБЧнын тирөөчтөрүн бир нече жолу жылдырган, бирок мүмкүн болбогон жерлерден биз өсүмдүктөрдү көчүрөбүз. Ошондой эле, келгин куштарды коргоо боюнча чаралар көрүлдү. Канаттуулар миграциялык жолунун айрым жерлеринде ЭБЧнын зымдарына туш болушат, андыктан аларга учуу учурунда тоскоолдук жаратпоо үчүн эс ала турган коопсуз аянтчаларды тирөөчтөргө орнотууну компания караштырат”, - деп кошумчалады Мээрим Керимбекова.

Мунун баары жаратылышка тийгизген таасирин азайтуу боюнча көрүлүп жаткан чаралардын бир бөлүгүн гана түзөт. Бардык экологиялык чаралар бир топ чыгымдарды талап кылаарын айтып кетүү керек. Ошол эле учурда, аларды сактоого кеткен чыгымдардын баарын толугу менен подряддык уюм жана тапшырыкчы көтөрөт.

Жакын жайгашкан айылдардын жашоочуларынын коопсуздугуна токтоло кетсек, эколог аларды кооптонбоого чакырат. ЭБЧ адамдын ден-соолугуна эч кандай коркунуч келтирбейт. Адамдардын жашоосуна ыңгайлуу болгон чубалгылардан турак үйлөргө чейинки аралыкты аныктаган бир катар дүйнөлүк жана улуттук стандарттар сакталат.

Аныкталган аралыктан электр берүү чубалгысына жакын туруу же иштөө адамга зыян келтирбейт. Бирок, жакын жерде туруктуу жашоо сунушталбайт. Курулуштун чубалгылары турак-үйлөрдү аралап өткөн жерлердеги имараттар сатылып алынган.

Экологдор ЭБЧ куруунун бардык этаптарында катышаарын белгилей кетүү керек. Штаттык адис курулуш жүрүп жаткан аймакта дайыма болуп, бардык стандарттардын сакталышын көзөмөлдөйт. Ал эми долбоордун техникалык мүнөздөмөлөрү компаниянын заманбап техникаларды гана колдонууга укугу бар экендигин көрсөтүп турат. Азыркы технологиялардын өзгөчөлүктөрү бул – коопсуздук жана иштин максималдуу экологиялык тазалыгы. Ал тургай күйүүчү-майлоочу майдын сапаты кандай болушу керектиги да жазылган, мунун баары айлана-чөйрөгө зыянды азайтуу максатында жасалууда.

Чынында долбоордун өзүнүн экологияга тийгизген таасири анчалык олуттуу эмес.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын аймагындагы ЭБЧнын курулушун аяктоо үчүн жумуш башталган күндөн тартып болжол менен 24 ай убакыт берилет. Албетте, COVID-19 пандемиясы курулуштун жүрүшүнө таасирин тийгизди. Айрыкча, 2020-жылы жумуштун башталышы жеңил болгон жок. Бирок, подряддык уюм менен түзүлгөн келишимге ылайык, ушул жылдын февраль айында Баткен облусундагы курулуш иштери башталган күндөн тартып убакыт эсептеле баштайт.

Белгилей кетүүчү нерсе, курулуш иштери менен катар CASA-1000 Жергиликтүү жамаатты колдоо долбоору (ЖЖКД) ишке ашырылууда.

Долбоор максаттуу айылдардын жашоочуларын жергиликтүү деңгээлде пландаштырууга, чечим кабыл алууга, ишке ашырууга, мониторинг жүргүзүүгө жана инвестицияларды баалоого катыштырууга, ошондой эле потенциалды арттыруучу иш-чараларды жүргүзүүгө негизделген.

CASA-1000 ЖЖКД өлкөбүздөгү Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (КӨИА) тарабынан Ага Хан фонду менен биргеликте ишке ашырылып, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы 77 калктуу конушту (36 айыл аймагы жана 5 шаар) камтыйт.

Жергиликтүү жамаатты колдоо долбоорун каржылоонун жалпы суммасы 11 миллион долларга бааланып, анын 10 миллион доллары Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан, ал эми 1 миллион каражат көп тараптуу трасттык фонду тарабынан бөлүнүп берилген. Долбоордун ишке ашырылышы үч багытта жүргүзүлүүдө: электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу, социалдык инфраструктураны жакшыртуу жана киреше алып келүүчү объекттерди каржылоо.

Пикир

Оставить комментарий