• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«CASA-1000» долбоору: Энергетика тармагын өнүктүрүүнүн жаңы барактары

Аналитика 0

«CASA-1000» долбоору — регионалдык деңгээлдеги масштабдуу долбоор, ал энергия кубаттуулуктарын жогорулатуунун жаңы барагын ачат, бүтүндөй Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берет.

«CASA-1000» долбоору жай мезгилинде (майдан сентябрга чейин)электр кубатын экспорттоону ишке ашыруу үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын энергетикалык тутумдарын Афганистан жана Пакистан менен байланыштырган жогорку чыңалуудагы электр өткөргүч линиясын курууну камтыйт.

Долбоордун алкагында керектүү электр тармактар комплексин модернизациялоо, жаңы көмөкчордондорду жана жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясын куруу пландаштырылууда.

undefined

CASA-1000 долбоорунун коммерциялык эксплуатациясы бардык керектүү инфраструктуралар бүткөрүлгөндөн соң эки жылдан кийин ишке берилет. Ага чейин катышуучу өлкөлөр тарабынан жалпысынан 1,4 миң чакырым электр зымдары тартылып, Тажикстан менен Пакистанда конвертордук көмөк чордондор курулуп бүтүрүлүшү керек.

Белгиленгендей, электр берүүчү чубалгылардын (ЭБЧ) үчтөн бир бөлүгүнөн ашыгы (узундугу 455 чакырым) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өтөт, “Датка” көмөк чордонунда ушул ЭБЧ үчүн атайын курула турган 500 кВ чөнөктөн башталып, Жалал-Абад, Ош жана Баткен аймактары аркылуу Тажикстандын чек арасына чейин созулат. Электр берүү чубалгысынын көпчүлүк бөлүгү көрсөтүлгөн үч облусттун калкы сейрек жашаган аймактарын кесип өтүп, болжол менен чубалгынын курулуш маршрутуна жакын жайгашкан 25 калктуу конушту аралап өтөт.

Тарыхый долбоордун курулушунун башталышы

Үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинде «CASA-1000» долбоорунун алкагында “Датка-Согд” 500 КВ аба чубалгысынын курулушу башталды. Тарыхый иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өзү барып катышты.

undefined

Президент Жапаров Баткен облусуна караштуу Баткен районундагы Кара-Булак айылында «CASA-1000» долбоорунун алкагында жогорку вольттуу электр мамычасынын пайдубалына капсула салды.

Анда сөз сүйлөгөн мамлекет башчысы «CASA-1000» долбоору — регионалдык деңгээлдеги масштабдуу долбоор, ал энергия кубаттуулуктарын жогорулатуунун жаңы барагын ачат, бүтүндөй Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берет деп белгиледи.

Мамлекет башчысы аталган долбоор өлкө үчүн өзгөчө мааниге ээ экендигин жана бул долбоорду ишке ашыруудагы Кыргызстан үчүн пайдасы экспорттук мүмкүнчүлүктү жогорулатарын, жаңы кубаттуулуктарды куруу үчүн инвестицияларды тартууга шарт түзөрүн айтты.

undefined

«Координацияланган аракеттерибиздин, алдыга коюлган милдеттерди чечүүгө умтулуубуздун жана туруктуулугубуздун натыйжасында долбоор өз убагында ийгиликтүү аяктайт деп ишенем. Буга байланыштуу мен Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарын “CASA-1000” долбоорунун маанисине көңүл бурууга чакырам жана курулуш учурундагы көйгөйлүү маселерди өз убагында чечүү үчүн натыйжалуу чараларды көрүүнү суранам», — деп билдирди ал.

Президент ири кредиттик ресурстарды бергендиги үчүн Дүйнөлүк банкка, Европа инвестициялык банкына жана Ислам өнүктүрүү банкына терең ыраазычылыгын билдирди. Бул долбоордун алкагында Кыргызстан тарабынан кабыл алынган каржылык милдеттенмелер сатыкка чыгарылган электр энергиясынын эсебинен толук жабылып, мамлекеттик бюджетке жүк келтирбей тургандыгын баса белгилеп өттү.

«Энергетика биздин мезгилде коомдун жашоосуна терең таасирин тийгизип жатат. Ал ар бир республиканын экономикасынын негизи болуп саналат жана калктын социалдык жашоо шарттарын аныктайт. Бул факт экономиканын керектөөлөрүн жана калктын электр энергиясына болгон муктаждыгын толук канааттандыруу үчүн жаңы ГЭСтерди, электр чубалгыларын, көмөк чордондорду куруунун зарылдыгын жаратууда. Кыргызстандын гидроэнергетикалык дараметин арттыруу жана республиканын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылган электр чубалгыларын куруу — республиканын энергетикалык өнүгүү программасынын негизги стратегиясы», — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Кыргызстан үчүн CASA-1000 долбоорунун негизги пайдасы

Кыргызстан менен Тажикстанды Афганистан жана Пакистан менен байланыштырууга, ошондой эле эл аралык стандарттарга ылайык, электр энергиясы менен соода жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгууга багытталган.

Долбоордун Кыргызстан үчүн негизги пайдасы жыл сайын электр энергиясын экспорттоодон 80 миллион долларга жакын таза киреше түшөт. 15 жылдын ичинде электр энергиясын экспорттоонун жалпы көлөмү 23,3 млрд кВт/саатты түзөт. Ошол эле учурда, «Электр станциялары» ААКнын кирешеси 1,2 млрд АКШ долларынан ашыгыраак, ал эми «Кыргызстан УЭС» ААКсынын кирешеси болжол менен 320 млн АКШ долларын түзөт.

Экономист, энергетика жаатындагы эксперт Жаныбек Оморовдун айтымында, Кыргызстан «CASA-1000» долбоорунун бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонушу керек.

««CASA-1000» долбоору КРнын энергетикасын жана жалпы экономикасын көтөргөнгө чоң салым кошо турган потенциалы бар. Анткени, ал аймактык базар ачып, жайкы мезгилдеги ашык энергияны экспорттоого мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин өзүбүздөн ашкан энергия коңшу өлкөлөргө өтө төмөн баада сатылып келген, ал эми бул долбоор биздеги ашык энергияны Түштүк Азияга жеткиргенге мүмкүнчүлүк берет. Түштүк Азияга экспорттоло турган энергиянын баасы азыркы баадан кыйла жогору болот, тактап айтканда, эки эсе кымбат сата алабыз. Анын негизинде инвестициялык климат жакшырып, Камбар-Ата 1, Сары-Жаз, Көкө-Мерен жана башка жаңы ири ГЭСтерди, чоң электр станцияларын курууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”, - деди Оморов.

Эксперттин айтымында, Кыргызстан ушул долбоорду туура пайдаланып, милдеттенмелерди так аткарып, түшкөн каражатты туура пайдаланса ири ГЭСтерди салганга мүмкүнчүлүк түзүлөт дагы, кышкы жетишсиздигибиз кыйла төмөндөйт.

“Бул долбоор Токтогул ГЭСинде кышкысын сууну топтоп, жайкысын Казакстан, Өзбекстан мамлекеттерине көбүрөөк берүүсүнө өбөлгө түзөт. Ошондуктан биз мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, аталган долбоорго толук кандуу кошулуп, энергетика тармагын катуу көзөмөлгө алып, энергияны мүмкүн болушунча үнөмдөп, инвестициялык климатты, башка мамлекеттен жана жеке инвесторлорду пайдаланып, энергетиканы өнүктүрүп, жалпы экономикабызды көтөрүүгө жол ачылат”, - деди эксперт.

Ал эми “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ААКтын долбоорлорду ишке ашыруу тобунун башчысы Рустанбек Раимкуловдун айтымында, “CASA-1000” долбоору коммерциялык болуп саналат.

Раимкулов: Афганистан защитит от террористов линии CASA-1000

"Долбоорго 4 мамлекет катышат: Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан, Пакистан. Анда жайкы мезгилде (май айынан сентябрь айына чейин) Кыргызстан менен Тажикстандан Афганистан жана Пакистан өлкөлөрүнө электр энергиясын экспорттоо каралган. Негизги келишимге 2008-жылы кол коюлган. Ошол учурда электр энергиясын экспорттогон “Электр станциялары” компаниясы экспортко чыга турган энергиянын көлөмүн эсептеп чыгышкан. Анда акыркы 100 жылдын ичиндеги суунун келиши жана колдонулушу эске алынган. Мындан тышкары, долбоордун алкагында курулуштарга насыялык каражат алынган, ал насыя электр энергиясын экспорттоонун эсебинен 15 жылдын аралыгында төлөнүп бүтүп, андан тышкары, ар бир мамлекет үчүн киреше болушу керек. 15 жылдан кийин ар бир мамлекет таза киреше көрө баштайт. Ал дагы эске алынган. Азыркы учурда Кыргызстанда “CASA-1000” долбоорунун алкагында курула турган объектилерди куруу иштери башталды. Ошондой эле долбоорго катышкан башка өлкөлөрдө дагы курулуш иштери жүрүп жатат", - деп түшүндүрдү ал.

Баса белгилеп айта кечтү жагдай, Кыргызстан электр энергиясын жай мезгилинде ашыкча пайда болгондо гана экспорттойт. Долбоордун алкагында керектүү электр тармактар комплексин модернизациялоо, жаңы көмөкчордондорду жана жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясын куруу пландаштырылууда.

Бул долбоорду ишке ашыруу Кыргызстанга учурдагы инфраструктураны жаңыртууга, ошондой эле жаңы ГЭСтерди куруу үчүн инвесторлорду тартууга мүмкүнчүлүк берет. Мунун бардыгы өлкөнүн энергетика тармагына пайдалуу таасирин тийгизет.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий