• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

CASA-1000 долбоорунун алкагында Баткендин айылдарына кайтарымсыз жардам берилет

Коом 0

Ош, 10.03.21. /Кабар/. Кечээ Баткен облусунун Кадамжай районундагы Токой жана Алыш айылдарынын жашоочулары менен CASA-1000 долбоору боюнча жолугушуу болду, ага Улуттук энерго холдингдин, облустук администрациянын, Мамэкотехинспекциянын жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө элге CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу жана аталган долбоорду ишке ашыруунун алкагында жергиликтүү жашоочуларга колдоо көрсөтүү долбоору тууралуу кенен маалымат берилди. Жашоочулар долбоордун ден соолукка тийгизген таасири жана үй чарбасын үзгүлтүксүз жүргүзүү мүмкүнчүлүгү тууралуу сурашты.

Өз кезегинде мамлекеттик органдардын өкүлдөрү электр берүү чубалгыларынын (ЭБЧ) коргоочу зонасы бузулбаган шартта үй чарбасын жүргүзүүгө уруксат берилет деп жооп беришти. Электр чубалгыларын курууда жана жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын тартууда санитардык коргоонун белгиленген бардык ченемдери жана эл аралык стандарттар так сакталары айтылды.

Эскерте кетсек, ЭЧБга 1,5 км аралыкта жайгашкан айылдар электр жабдууларын жана айылдын инфраструктурасын жакшыртууга кайтарымсыз жардам алышат. Жергиликтүү коомчулуктун катышуусунда сынактык негизде тандалып алынган 30 объектини каржылоо пландалууда. Колдоо долбоорун каржылоонун жалпы көлөмү 11 млн доллар деп бааланууда.

Пикир

Оставить комментарий