• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"CASA-1000" долбоорунун Тажикстандагы бөлүгүнүн курулушу мартта башталат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.03.19 /Кабар/. Тажикстандын энергетика жана суу чарба министрлиги март айынын орто ченинде "CASA-1000" долбоорунун өлкөдөгү бөлүгүн куруу иштери башталарын билдирди. Бул тууралуу ca-irnews.com маалымдады.

Иштер башталганга чейин айлана-чөйрөнү коргоо, геологиялык изилдөөлөр жана электр линиялары алардын жеринин үстүнөн алынып өтө турган үйлөргө акча төлөп берүү маселелери чечилиши керек.

Азыркы учурда Тажикстандын долбоорго тиешелүү органдары жана подрядчиктер бул маселелердин үстүндө иштеп жатышат. Ушул жылдын март айынын орто ченине чейин маселелер чечилип, долбоордун курулуш иштеринин башталышы күтүлүүдө.

Буга чейин долбоор боюнча алдын ала төлөө иштери башталганы жана чет өлкөлүк подрядчиктер долбоор боюнча баштапкы иштерди башташканы тууралуу маалымдалган эле.

Дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык уюмдар долбоорго колдоо көрсөтүшөт. Ошондой эле, аталган долбоордун Тажикстандагы бөлүгүн ишке ашыруу үчүн Дүйнөлүк банк 45 млн. доллар, Ислам өнүктүрүү банкы 70 млн. доллар жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 100 млн. доллар Тажикстанга бөлүп беришет.

Белгилей кетсек, CASA-1000 долбоору Борбор Азиядан (Кыргызстан, Тажикстан) Түштүк Азия мамлекеттерине жай айында 1300 МВт электр энергиясын сатууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Долбоор аяктагандан кийин электр энергиясы 470 чакырымдагы жогорку чыңалуудагы линия аркылуу Кыргызстандан Тажикстанга өтөт. Андан ары электр энергиясы Афганистан менен Пакистанга кетет. Долбоордун алкагында 750 чакырым жогорку чыңалуудагы электр линиясы курулат.

Пикир

Оставить комментарий