• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Centerra Бөлтүрүктүн компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү кызматынан кетишин кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. Centerra Gold Тенгиз Бөлтүрүктүн компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү кызматынан кетүүсүн кабыл алды. Бул тууралуу компаниянын сайтында жарыяланган.

Маалыматка ылайык, Бөлтүрүк Centerraнын директорлор кеңешинин курамына өткөн жылдын декабрь айында “Кыргызалтын” ААКтан талапкер катары кирген.

Ошондой эле компания Бөлтүрүктүн эл алдында билдирүүсүн териштирип жатканын маалымдаган.

Эскерте кетсек, кечээ Тенгиз Бөлтүрүк Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында сөз сүйлөп, өзүнүн ээлеген кызматынан кетип жатканын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий