• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Centerra Gold Inc. 2019-жылы Кумтөр кенинен 18 тонна алтын казууну пландоодо

Коом 0

Бишкек, 22.01.19. /Кабар/. Канадалык Centerra Gold Inc. 2019-жылы Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенинен 535-565 миң унций же 16,64 – 17,57 тонна алтын казууну пландоодо.

Компаниянын расмий сайтында кабарлангандай, өнүктүрүүгө багытталган инвестициялардын көлөмү 14 млн доллар суммасында пландалган. Ал эми геологиялык чалгындоо иштерине 11 млн доллар каралган.

"Кумтөр 2018-жылы 534 миң унции көлөмүндөгү алтын казып алып, төртүнчү кварталды жана жылды ийгиликтүү жыйынтыктады. Бул көрсөткүчтөр металл өндүрүү боюнча жылдык пландан (510 унций) ашкан. 2019-жылы алтын өндүрүүдө жумуш 3 кварталга бирдей бөлүштүрүлүп, ал эми төртүнчү кварталда жылдын жалпы өндүрүшүнүн 28% өндүрүлөт", – деп кабарлайт компаниянын президенти Скотт Перри.

Ошондой эле Centerra Gold Inc., 2019-жылдын биринчи кварталында келишимдин алкагында кабыл алынган төлөмдөр толугу менен төлөнүп берилип, Кыргыз өкмөтү менен Стратегиялык келишимге кол коюлат деген үмүтү бар.

"Кайра каралып чыккан инвестициялык келишимге жараша, Кумтөрдө жасалган баардык операциялар корпоративдик жактардан алунуучу киреше салыгынан бошотулган. Анын оордуна компаниянын дүң киреше көрсөткүчтөрүнүн 13% төлөнөт. Андан тышкары Ысык-Көл облусунун өнүгүү Фондуна 1% төлөнөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий