• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Centerra Gold Inc. быйыл Кумтөр кенинде 15,5 тоннадан кем эмес алтын өндүрүүнү пландаштырууда

Экономика 0

Бишкек, 22.11.18. /Кабар/. "Centerra Gold Inc." компаниясы кыргыз тараптын өтүнүчү боюнча үстүбүздөгү жылы Кумтөр кенинде 15,5 тоннадан кем эмес алтын өндүрүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу "Centerra Gold Inc." компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, бул болжолдуу көрсөкүчтөрдөн жогору болуп саналат, ошондой эле ишкананын иш натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча аракеттерди активдештирүүнү улантуу жана келерки 2019-жылы өндүрүштү жогорулатууга жетишүү көздөөлүүдө. Мындан тышкары, компания тарабынан ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатуу үчүн алдыдагы капиталдык салымдар боюнча кошумча сунуштар иштелип чыгууда.

Мында "Centerra Gold Inc." компаниясы тараптан эки жылдык геологиялык иликтөө иштеринин программасын каржылоо жөнүндө чечим кабыл алынган. Аталган программаны ишке ашыруудан күтүлүп жаткан жыйынтыктар тастыкталган кезде Кумтөр кенин эксплуатациялоо мөөнөтүн бир нече жылга узартуу үчүн бардык шарттар түзүлөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө "Centerra Gold Inc." компаниясынын ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери, биринчи кезекте, кенде жүргүзүлгөн геологиялык иликтөө иштеринин оңдуу жыйынтыктарын эске алуу менен, Кумтөр кенине тийиштүү маселелер талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий