• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Centerra Gold Inc.» менен Стратегиялык макулдашуу боюнча кошумча $63 млн келип түшөт

Өкмөт 0

Бишкек, 28.08.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ортосундагы Стратегиялык макулдашуунун алкагында түзүлгөн Жаратылышты өнүктүрүү фондунун жана Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун иштөө механизмдери маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчы билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ортосундагы Стратегиялык макулдашуу күчүнө кирди. Ал өлкөнүн экономикасы үчүн Кумтөрдүн мааниси чоң экендигин белгиледи. «Кумтөрдүн» ИДПдагы үлүшү 9%га жакын, ал эми өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн 18%га жакыны «Кумтөргө» таандык. 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында «Кумтөр» 9,37 тонна алтын өндүрдү. Жыл башынан бери компания салык жана милдеттүү төлөмдөр катары 4,22 млрд сом которду.

«Күчүнө кирген документке 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган. Анда эки тарап милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон милдеттенмелер жазылган. Ушул милдеттенмелер аткарылгандан кийин гана Стратегиялык макулдашуу күчүнө кирмек. Стратегиялык макулдашуу боюнча 2026-жылга чейин жалпы суммасы 87 млн АКШ доллар каражат келип түшөт. Биздин Өкмөт Макулдашуунун алкагында финансылык келип түшүүлөрдүн мурдагы кол коюлган көлөмүнө макул эместигин билдирген. Жана узакка созулган кошумча сүйлөшүүлөрдөн кийин жыйынтыгында бул сумма дагы 150 млн долларга чейин көбөйтүлгөн, ага геологиялык чалгындоо иштери да киргизилген. Биз кошумча 63 млн долларга жетиштик, аны менен бирге биз өзүбүзгө бир дагы кошумча милдеттенмелерди алган жокпуз. Мунун өзү тараптар ортосунда конструктивдүү биргелешкен иштер жүргүзүлгөнүн айгинелейт, анын натыйжасында ушундай жыйынтыктарга жетишип отурабыз. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин Кыргыз Республикасы 77 млн АКШ долларынан ашуун каражат алат, анын ичинде Онкологияга каршы өнүктүрүү фондуна учурда келип түшкөн 7 млн доллар бар», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт Фонддор менен ачык-айкын жана таза иштешүүнү, бөлүнгөн каражаттардын элдин кызыкчылыгында гана, экологияны коргоо, Жогорку Кеңештин депутаттарын, коомдук институттардын жана эксперттик жамааттардын өкүлдөрүн тартуу менен аймактарды өнүктүрүүдө эффективдүү өздөштүрүлүшүн камсыз кылат.

Өкмөт башчы ошондой эле Кумтөр кенинин иштеп баштаганынан бери 22 жылдын ичинде биринчи жолу жаратылышты коргоо чараларына олуттуу каражат бөлүнүп жаткандыгын баса белгилеп кетти.

«Фонддордун финансылык каражаттары максаттуу пайдаланышы тыкыр көзөмөлгө алынат. Айрым багыттар каражаттардын кайтарымдуулук механизмдери киргизилүүгө тийиш, анын ичинде фонддордун каражаттарынан инвестициялык кирешелерди алуулар да кошулат. Фонддордун иши КР Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан демилгеленген аймактарды өнүктүрүү боюнча масштабдуу иштер менен үндөш жана аймактарда маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга кошумча мүмкүнчүлүктөргө жол ачат», – деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчынын пикиринде, бир гана ачык-айкын биргелешкен иш аталган ири өнөр жай ишканасынын ишмердүүлүгүнө карата жарандардын ишенимин жогорулатууга мүмкүндүктөрдү берет. Анткени Кумтөр кенинин айланасындагы бардык процесстер дайыма кеңири коомдук резонанстарды жаратып келген.

«Биргелешкен иштин дал мына ушундай кадамдары жана талаш-тартыштардын тынчтык жол менен жөнгө салынышы өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуудагы көрсөткүчтөрдөн болууга тийиш. Бул Кыргызстанда иштеген инвесторлор үчүн маанилүү окуя. Кумтөрдүн иши экономикалык жактан кыйла натыйжалуу болуп, кендин бардык дараметин биздин элибиздин кызыкчылыгында, экологиялык коопсуздукту сактоо менен, айрыкча кендин активдүү иши токтогондон кийинки экологиялык коопсуздукту сактоого пайдалануу керек», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы жооптуу мамлекеттик органдарга Макулдашуулардын, эл аралык экологиялык стандарттардын жана Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарынын шарттарынын сакталышын тыкыр көзөмөлгө алууну тапшырды.

Андан соң кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын экономика министри Санжар Муканбетов «Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» коомдук фондунун мындан аркы иши тууралуу маалымат берди. Фонд региондорду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү, аймактарда ишканаларды түзүү жана колдоочу инвестициялык долбоорлорду, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну, экологияны сактоого жана жакшыртууга, био ар түрдүүлүктү көбөйтүүгө багытталган «жашыл» долбоорлорду каржылайт. Фондго караштуу байкоочу кеңеш иш жүргүзөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жасалып жаткан иштер тууралуу маалыматты уккан соң, ачык-айкын шарттарда каражаттарды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында фонддордун ишине заманбап жана инновациялык ыкмаларды киргизүү керектигин баса көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий