• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Үч адам каза болуп, экөө оор жаракат алды. Ошто ири жол кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 13.06.21. /Кабар/. Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 22-чакырымында ири жол кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, Honda Fit жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү жеңил автоунаалар кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен бир аял, эркек киши жана жаш бала каза болгон. Ошондой эле эки эркек киши оор жаракат алгандыгы кабарланды.

Жерине үч куткаруучу тартылып, каза болгон жарандарды унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар тез жардам кызматынын унаасы менен Ош шаардык ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий