• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Үч автоунаа күйүп кеткен. Кыргызстанда катталган өрт кырсыктары

Кырсык 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Бишкектин Москва көчөсүндө Jeep Cherokee үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү жана ички салону күйгөн. Ал эми Свердлов районунун М.Ауэзов жана Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде Volkswagen Passat унаасы дагы толугу менен күйгөн.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Октябрь айылында жол жээгинде турган "ВАЗ 2107" жеңил унаа толугу менен күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий