• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Үч баланы сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.04.18. /Кабар/. Милиция кызматкерлери үч кичинекей баланы сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен “Мерседес” унаасынын айдоочусун кармашкан. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 12-апрелде болжол менен саат 16:50 чамасында Чүй облусундагы Беловодск айылынын Комсомол көчөсүндө болгон.

Жабыркаган балдар: жети жаштагы Д.А., төрт жаштагы Г.Ш., жана алтыдагы Б.А. - ар кандай даражадагы жаракаттары менен ооруканага жаткырылышты.

Шектүү 64 жаштагы К.Б., өз күнөөсүн мойнуна алган. Унаа Москва районунун милиция бөлүмүнө жеткирилген. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Айдоочу убактылу кармоо жайына киргизилип, териштирүү амалдары башталган.

Пикир

Оставить комментарий