• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Үч депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин карай турган комиссия түзүлдү — курамы

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. Жогорку Кеңеш бүгүн, 1-декабрдагы жыйынында депутаттар Асылбек Жээнбековду, Төрөбай Зулпукаровду жана Бакыт Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу жөнүндө башкы прокурор Курманкул Зулушевдин сунуштамаларын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү маселесин карады.

Талкуунун соңунда депутаттар Евгения Строкова (КСДП), Авазбек Абдугапаров (“Республика-Ата-Журт”), Канатбек Исаев (“Кыргызстан”), Алмазбек Токторов (“Кыргызстан”), Тазабек Икрамов (“Өнүгүү-Прогресс”) Мамасадык Бакиров (“Бир Бол”), Эмил Токтошев (“Ата-Мекен”) мүчөлүк кылган атайын депутаттык комиссия түзүлүп, Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш 26-ноябрда кезексиз жыйынга чогулуп, аталган маселени карамак, бирок кворум чогулган эмес.

Эске сала кетсек, Бишкектин Биринчи май райондук соту президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев, мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, ЖК депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаровду камакта калтырган. Мурдагы аткаминерлердин баш коргоо чарасы 2022-жылдын 30-январына чейин узартылды.

Ошондой эле Биринчи май райондук соту Б. Жетигеновду 2022-жылдын 26-январына чейин камакта калтырган. Ал шайлоодон кийин өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздантып, андан кийин бийликти күч менен басып алууну пландаштырган деп шектелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий