• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Үч фазалуу эсептегичтерди 5 миң сомго орнотууга болот – Айтмамат Назаров

Коом 0

Бишкек, 14.01.20. Буга чейин үч фазалуу акылдуу эсептегичтер 20 миң сомдун тегерегинде орнотулса, учурда ал 5 миң сомдун тегерегинде болот. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда электр энергиясын пайдаланган 1 млн 450 миң абонент болсо, 2013-жылдан бери алардын 215 миңине акылдуу эсептегич орнотулган. Акылдуу эсептегичтердин 115 миңи молдовалык, 90 миңи (70 миң жана 20 миң) 2 кытайлык компания чыгарган эсептегич болсо, калгандары 7-8 компаниянын акылдуу эсептегичтери.

"Буга чейин үч фазалуу акылдуу эсептегичтер 20 миң сомдун тегерегинде орнотулса, азыр ал 5 миң сомдун тегерегинде болот. Бир фазалуу акылдуу эсептегичти 2 миң сомго орнотсо болот. Алардын баасын жөнөкөй эсептегичтердин баасына чейин түшүргөнгө жетиштик. Ал өткөрүлгөн тендерлердин, сынактардын негизинде болду" - деди ал.

Эскерте кетсек, быйыл Кыргызстанда электр энергиясынын абоненттерине 300 миң акылдуу эсептегич орнотулат.

Пикир

Оставить комментарий