• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чүй аймактык ооруканасынын балдар бөлүмүнүн ачылыш аземи өттү

Аймак 0

Бишкек, 01.02.21. /Кабар/. Чүй облусунун Чүй аймактык ооруканасынын балдар бөлүмүнүн ачылыш аземи өттү.

Иш-чарага президенттин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияров, "Ассанабил" фондунун жетекчиси Саид Баюми жана оорукананын кызматкерлери катышты.

"Балдар эч качан оорубасын. Бирок мамлекет жаңы ооруканаларды курууга, заманбап медициналык каражаттарды алууга колдон келген аракетти көрөт", - дейт Касмамбетов.

Чүй аймактык ооруканасынын балдар бөлүмүнүн курулушу "Ассанабил" кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен 2019-жылы башталган. Долбоордун суммасы 90 миң долларды түзөт. Имарат эки кабаттан туруп, жалпы 30 орундук түзүлгөн.

Ооруканада 2 дарыгер, 6 медайым жана 4 кичүү медайым иштейт.

Пикир

Оставить комментарий