• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чүй дарыясынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылды

Кырсык 0

Бишкек, 09.01.19. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 30-чакырымында Чүй дарыясынан белгисиз эркек адамдын жансыз денеси табылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, бүгүн, 9-январда түнкү саат 00:09да куткаруучулар белгисиз адамдын сөөгүн табышкан.

"ӨКМдин куткаруучулары маркумдун денесин суудан чыгарып, милиция ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий