• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүй электр тармактар ишканасы түзүлүп, жетекчилиги дайындалды

Коом 0

Бишкек, 11.08.22. /Кабар/. «Түндүк электр» ААК кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу «Кыргызстан улуттук электр тармагынын филиалы болуп, Чүй электр тармактар ишканасы түзүлдү.

Компаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 10-августта «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ААКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу Алмасбек Жумакадыров Чүй электр тармактар ишканасынын жаңы жетекчилигин жамаатка тааныштырды.

Директорлор кеңешинин протоколунун жана «КУЭТ» ААКнын буйругунун негизинде «Кыргызстан улуттук электр тармагынын» филиалы - Чүй электр тармактар ишканасынын жетекчилик кызматтарына:

1. Осмонов Нурдин Кубатович - директор

2. Бектенов Талайбек Эркинбекович — башкы инженер

3. Сагындыков Максат Сагындыкович - электр энергиясын сатуу боюнча директордун орун басары

4. Шабданов Данияр Бектемирович - директордун капиталдык курулуш жана жалпы маселелер боюнча орун басары

5. Доктурбай уулу Жолдошбек — башкы инженердин орун басары

6. Эсеналиев Алмаз Талантбекович - башкы инженердин орун басары болуп дайындалышты.

Пикир

Оставить комментарий