• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чүй: Үй-бүлө баалуулуктарын даңазалоо акциясы өттү

Билим 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Чүй районунда үй-бүлө баалуулуктарын даңазалоо акциясы өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Атам, апам жана мен - бактылуу үй-бүлөбүз" деп аталган саамалыкка он күндүн ичинде жалпы 200дөн ашык үй-бүлө катышты.

Катышуучулар карантин учурунда үй-бүлөсү эмне менен алектенип жатканын чакан видео түрүндө чагылдырышты. Мисалы, ден-соолукту чыңдоо көнүгүүлөрү, китеп окуу, огороддо эмгектенүү, ар түрдүү акыл оюндарын ойноо, тамак даярдоо.

Максаты - үй-бүлөлүк баалуулуктарды, баланын жашоосундагы үй-бүлөнүн ролун даңазалоо. Ошондой эле карантин маалында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун жана балдар арасында суициддик маанайдын алдын алуу каралган.

"Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн социалдык педагогдору бул акцияны ар бир үй-бүлөгө жеке мамиле кылуу менен позитивдүү нукта өткөрүштү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий