• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чүй-Исанов көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды (сүрөт)

Кырсык 0

Бишкек, 11.10.17./Кабар/. Бүгүн, 11-октябрда эртең менен Чүй-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү кабарлады.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы болжол менен саат 07.00 чамасында болгон. Анда 38-каттамдын автобусу менен жеңил унаа кагылышкан.

Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы чакырылган.

Учурда кырсык болгон жерде патрулдук милиция кызматкерлери абалды көзөмөлдөп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

сүрөт: Улан Джумаковдун Фейсбук баракчасынан алынды

Пикир

Оставить комментарий