• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чүй: Калыгул айылындагы мектептин курулушу жыл аягына чейин бүткөрүлөт

Коом 0

Бишкек, 03.12.21. /Кабар/. Чүй районунун Калыгул айылындагы Т. Оңолбаев атындагы мектептин курулушу 2021-жылдын аягына чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, 2020-жылы башталган.

"Жаңы мектеп 2 кабаттуу окуу корпустан, спортук залдан жана өтмө галереядан турат. Объекттин жалпы аянты 2359,8 чарчы метрин түзүп, билим берүү объектинин долбоордук кубаттуулугу 150 окуучу орунга эсептелген. Долбоор боюнча дагы жыйындар залы жана ашкана каралган", - деп айтылат малыматта.

Бүгүнкү күндө мектептин ички жасалгалоо жумуштары, мектептин айланасын көрктөндүрүү жана тегерете тосмо орнотуу боюнча жумуштар жүргүзүлүп жатат.

Белгилей кетсек, аталган объекттин наркы 46 млн 603 миң 500 сомду түзөт. Быйылкы жылы бүткөрүү үчүн 24 млн 201 миң 300 сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий