• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чүй: Капиталдык курулуш башкармалыгында бюджеттик каражат мыйзамсыз чыгарылып кеткен

Коом 0

Бишкек, 12.12.22. /Кабар/. Чүй облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгында бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында КР министрлер кабинетине караштуу Архитектура, жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Чүй облусу боюнча капиталдык курулуш башкармалыгынын жана Турак жай-курулуш департаментинин кызмат адамдары тарабынан документтерди жасалмалоо жана жасалма подряд түзүү жолу менен, өзгөчө ири өлчөмдө (30 млн сомдон ашык) бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысы боюнча маалыматтар такатлып алынган.

Такталган боюнча, 2019-жылдын декабрь айында тендердик сметага кирбеген кошумча жумуштарга тиешелүү тендер өткөрбөстөн, жасалма кошумча келишимдерди түзүү менен подрядчы «С.Т.» ЖЧКсынын пайдасына 30 млн сомдон ашык суммадагы каражат республикалык бюджеттен мыйзамсыз чыгарылып, иш жүзүндө бул кошумча иштер алар тарабынан аткарылган эмес.

Топтолгон материалдардын негизинде сотко чейинки териштирүү иштеринин алкагында подряддык компаниянын директору К.А.Д. КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасын жана ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын аныктоого байланыштуу тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий