• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чүй казыятына караштуу аялдар окуу борборлору текшерүүдөн өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 09.10.20. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын үгүт насаат, жаштар жана аялдар менен иштешүү бөлүмүнүн адиси Султанали ажы Гапуров жана Чүй казыятынын окуу бөлүм адиси Инхамали ажы Эгембердиев биргеликте Чүй облусунун Кант шаары, Ысык-Ата району жана Токмок шаарындагы Чүй казыятына караштуу аялдардын окуу борборлорунан кабар алышты.

Маалыматка ылайык, иш-чара облустагы аялдардын окуу борборлорун жандандыруу жана ишмердүүлүгүн алдыга жылдыруу максатта уюштурулду. Текшерүү учурунда окуу борборлордун жетекчилери жана эмгек жамааты менен жолугушуулар болуп, ишмердүүлүктү алдыга жылдыруу жаатында ой-пикирлер айтылды.

Ошондой эле окуу борборлордун шарттары жана окуу программалары каралып, алдыга жылдыруу үчүн тиешелүү тапшырмалар берилди.

«Пандемияга байланыштуу аялдардын окуу борборлору иштерин аралыктан жүрзүзүп жатышса, кээ бирлери такыр эле токтоп калган. Аялдар коомубуздун бир бөлүгү, алар үчүн да шариятты үйрөнүү үчүн бардык шарттарды түзүп беришибиз керек. Ошол эле учурда туура эмес нерселерди окуп, ар кандай агымдарга кирип кетпеши үчүн учур-учуру менен окуу борборлорду текшерип, тиешелүү иш-чараларды уюштуруп турабыз», - деди Чүй казыятынын окуу бөлүм адиси Инхамали ажы Эгембердиев.

Пикир

Оставить комментарий