• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй-Манас кесилишиндеги инсталляция бузулду

Коом 0

Бишкек, 20.06.19. /Кабар/. Белгисиз айдоочу Бишкектеги Чүй-Манас проспекттеринин кесилишиндеги инсталляция менен жасалгалуу тосмону унаасы менен сүзүп, окуя жеринен качып кеткен. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ кечинде болгон.

Окуянын күнөөкөрүн табуу үчүн ал жердеги камералар текшерилет.

“Сынып калган тосмону калыбына келтирүү үчүн “Тазалыктын” кызматкерлери аны ишкананын базасына алып кетишкен. Бүгүн ал кайра оордуна коюлат”, - деп билдиришти муниципалитеттен.

Пикир

Оставить комментарий