• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүй мектеп-интернатынын тарбиялануучуларына жылуу кийим-кечелер тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 11.12.19./Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Чүй мектеп-интернатынын тарбиялануучуларына жылуу кийим-кечелерди тапшырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Жаңы-Жол айылында жайгашкан аталган мектеп-интернат 1958-жылы курулган. Азыркы тапта анда 120 бала тарбияланат. Аларга Жаңы жыл майрамын утурлай Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун атынан жылуу кийим-кечелерди тапшырылды.

Чүй мектеп-интернатынын директору Кантбүбү Жунусова көрсөткөн жардамы үчүн төрагага ыраазычылык билдирди. Ал интернаттагы ийгиликтерге токтолуп, көпчүлүк тарбиялануучулар жогорку окуу жайларга тапшыруу аркылуу керектүү иш орундары менен камсыз болуп жатканын айтты.

“Биз балдарга берилип жаткан бардык жардам үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бүгүн жылуу куртка, кышкы бут кийимдерди алдык, эми аларды ар биринин өлчөмүнө жараша кийгизебиз. Мектеп-интернаттын тарбиялануучулары бир үй-бүлөдөй ынтымактуу. Балдар мектеп программасынан тышкары, ар кандай ийримдерге катышып, спорт менен машыгышат. Кичинесинен чоңдорго жардам берүүнү, өзүнөн кичүү балдарга кам көрүүнү адатка айлантышкан. Маданий иш-чараларга жигердүү аралашып, спектаклдерди коюп турушат”,– деди Кантбүбү Жунусова.

Пикир

Оставить комментарий