• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Чүй милициясы: Кемин районундагы абактан качкандардын экинчиси кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.05.21. /Кабар/. Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан абактан качкан шектүүлөрдүн экинчиси кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун милиция кызматкерлеринин ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда болжол менен саат 08:30дар чамасында абактан качкан экинчи шектүү 1995-жылы туулган Тынарбек уулу Миңбай Кемин районундагы тоо арасынан кармалды. Анда милиция кызматкерлеринен жашырып жаткан.

Ал эми биринчи шектүү 2000-жылы туулган Даниел Камчыбеков кечээ, 1-майда райондук милиция кызматкерлери тарабынан Орловка шаарында жайгашкан Подгорное айылында кармалган.

Абактан качуу фактысы боюнча материалдар КЖБР катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Эскерте кетсек, шектүүлөрдү кармоо үчүн Чүй облустук милиция кызматкерлери тарабынан бир катар иш-чаралар жүргүзүлгөн, облустук Ички иштер органынын бардык кызматкерлери ишке киришкен. Мындан тышкары, кинологиялык кызматтын кызматкерлери издөө иттери менен тартылган.

Учурда ИИМдин ички иликтөө кызматы тарабынан аталган факт боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө.

Кармалгандар боюнча сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Пикир

Оставить комментарий