• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүй милициясы Төмөнкү Ала-Арчадагы кыздын өлтүрүлүшү боюнча билдирүү жасады

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.09.20. /Кабар/. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы социалдык тармактарда Төмөнкү Ала-Арчадагы 26 жаштагы кыздын өлтүрүлүшүн "жашырууга аракет кылып жатат" деген маалыматты четке какты.

Маалыматка ылайык, аталган иш Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин көзөмөлүнө алынган.

"Учурда кылмыштын бетин ачуу жана кылмышка шектүүлөрдү кармоо үчүн Ички иштер министрлигинин Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жана Аламүдүн районунун ички иштер башкармалыгынын тажрыйбалуу кызматкерлеринин арасынан тергөө-ыкчам тобу түзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди. "Учурда жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндөгү маалымат тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтылбай жатат", - деп билдиришти башкармалыктан.

Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Эскерте кетсек, 26-сентябрда болжол менен таңкы саат 03:11лер чамасында Аламүдүн райондук милициясына каракчылык фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн. Жерине барган ыкчам-тергөо топ аныктагандай, 26-сентябрь күнү саат 02:50дө бет кап кийген белгисиз эки адам Төмөнкү Ала-Арчадагы үйлөрдүн бирине кирип, 62 жаштагы Т.Ж. аттуу киши менен анын 26 жаштагы Т.А., атуу кызын бычактап, андан соң из жашырып кетишкен.

Маалым болгондой, кыз алган жараатынан улам каза болгон, атасы болсо Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий