• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүй милициясынын башчысы Курманкуловдун абалы оор бойдон калууда

Коом 0

Бишкек, 09.08.19. /Кабар/. Чүй облусунун ИИББнин башчысы Самат Курманкуловдун абалы оор бойдон калууда, учурда комада. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, абалы оор, жасалма жол менен дем алууда. Курманкуловго эки операция жасалды.

Белгилей кетсек, Курманкулов Кой-Таш айылында мурунку президент А.Атамбаевдин үйүндө жүргүзүлгөн атайын операция учурунда болгон ызы-чуудан кийин №4 шаардык ооруканага жеткирилген.

Курманкулов ооруканага жабык баш мээ жаракаты, баш мээнин чайкалышы деген диагноз менен келип түшкөн.

Эскерте кетсек, 7-августта кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында УКМКнын "Альфа" атайын бөлүмчөсүнүн командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков каза болуп, 40 ашуун адам жараат алган.

Белгилей кетсек, кечээ, 8-августта укук коргоо органдары Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармашкан, ал 26-августка чейин камакка алынды.

Пикир

Оставить комментарий