• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүй милициясынын башчысы Курманкуловго экинчи операция жасалууда

Ден соолук 0

Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. Чүй облустук ИИББнин башчысы Самат Курманкуловго кайрадан экинчи ирет операция жасалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо минитсрлигинен кабарлашты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, дарыгерлер эртең менен Курманкуловго экинчи ирет текшерүү жүргүзүп – башына томография жасашкан. Кийин кайра экинчи ирет операция жасоо чечими кабыл алынган. Учурда операция бүтө элек”, - деп кабарлашты министрликтен.

Эске сала кетсек, Самат Курманкулов Кой-Таш айылында мурунку президент А.Атамбаевдин үйүндө жүргүзүлгөн атайын операция учурунда болгон ызы-чуудан кийин №4 шаардык ооруканага жеткирилген.

Курманкулов ооруканага жабык баш мээ жаракаты, баш мээнин чайкалышы деген диагноз менен келип түшкөн.

Эскерте кетсек, кечээ кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында 22 жаштагы атайын кызматтагы жоокер каза болуп, 40тан ашык киши ар кандай жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий